27-апрелде Улуу Британиянын падышасы Карл III жана анын жубайы Камилла Вашингтонго келишти. Аларды АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Ак үйдө расмий тосуп алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул иш сапар 2007-жылдан бери британ монархынын АКШга жасаган биринчи мамлекеттик сапары болуп эсептелет. Падышанын АКШдагы сапары төрт күнгө созулат. Ал АКШнын Улуу Британиядан көз карандысыздыгын жарыялаганына 250 жыл толушуна арналган.
Салтанат учурунда Трамп эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый байланышты баса белгилеп: "Сизди бул жерде кабыл алуу - биз үчүн чоң сыймык",- деп билдирди. Ошондой эле быйыл АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, америкалыктар англиялык түпкү теги менен сыймыктанышарын кошумчалады.
Салтанаттан кийин эки лидер аскер бөлүктөрүн куттуктап, андан соң Ак үйдө жабык форматта жолугушуу өткөрүштү.
Сапардын алкагында падыша расмий кечки тамакка катышып, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрөт.