Соцфонддун төрагасы: "Бийик тоолуу айылдардын тизмесине өзүмдүн айылым да кирбей калды"

Кыргызстанда бийик тоолуу деп эсептелген айылдардын тизмесинен 22 айыл кыскартылды. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 27-январдагы жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. "Бул 22 айылды тизмеден чыгаруу кыйын болду. Өзүмдүн айылым да кирбей калды, мурда тизмеде бар экен. Бийик тоолуу айылдар деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте болушу шарт. Ал тургай 1990 метр бийиктикте болсо да тизмеге киргизбей жатабыз",- деди Абылгазиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан