Биз социалдык тармакта

Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу кайрадан ИИМде суракта 

Ички иштер министрлигинде мурдагы жогорку кызматтагы адамдарга байланыштуу тергөө аракеттери уланууда. Бул тууралуу 24.kg күч түзүмдөрдөгү булактардын маалыматына таянып жазып чыкты.

Бүгүн, 29-апрелде мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына келишкен.

Маалыматка ылайык, алар учурда да мекемеде болуп, тергөөчүлөргө көрсөтмө берүүдө.

Булактардын билдирүүсүндө, тергөө жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдарга расмий айып тагуу маселеси каралышы мүмкүн экени айтылууда. Ошондой эле сурактын жыйынтыгына жараша бөгөт чарасы боюнча чечим кабыл алуу ыктымалдыгы да жокко чыгарылбайт, бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан.

Парламент төрагасы Марлен Маматалиев "75 адамдын каты" Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин айтып берген.

Мандатынан кол жуугандар кимдер? Толук шилтемеден окуңуз.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан