Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адамдын каты Жогорку Кеңешке кантип киргизилгенин билдирди.
Ал кат парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетине түшкөнүн тактады. Депутат Исманали Жороев спикердин билдирүүсүнөн кийин коомчулукта кат кимге түшөнкөнү боюнча кызыгуу жаралып жатканын айтып, Маматалиевден маалыматты толуктоону суранды.
Парламент төрагасы: "Ошол кат бул жакка келип, келе электе эле бул жактан күтүп алган. Ал боюнча биз видеокамералардан бардыгын көргөнбүз жана тастыктаганбыз. Бул жакта тапшырма иретинде айтылгандыктан катты өзүнчө кармап турган. Анан түздөн-түз төраганын (ред.: Нурланбек Тургунбек уулу) атына жиберилсин деген тапшырма берилип, биздин бөлүм төраганын колуна тапшырган. Анан комитетке кароого киргизилет.
Жогорку Кеңеште бир топ өзгөрүүлөр болуп, ал токтотулду. Азыр жооп катары артка берилип, ИИМде тергөө жүрүп жатат. Тергөөдө ким кайсы жерде кандай тапшырма берген, кимдин күнөөсү бар же жок, мунун баары аныкталат. Ошол жерде "менин тиешем бар, меники жок" деген сөздөр айтылган",- деди.