Биз социалдык тармакта

Мелания Трамп: Жеке жашоодон коомдук ишмердүүлүккө чейин

Мелания Трамп - мурунку фотомодель, АКШнын 45- жана 47-президенти Дональд Трамптын жубайы.

Балалык чагы, үй-бүлөсү жана билими

Мелания Трамп 1970-жылдын 26-апрелинде Ново-Место шаарында (Словения, мурдагы Югославия) автоунаа сатуучу Виктор Кнавс жана балдар кийимдеринин модельери Амалия Кнавстын (1945-2024) үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын Инес Кнавс аттуу улуу эжеси да бар.

"Мен Словенияда - Борбордук Европадагы чакан, кооз жана ошол учурда коммунисттик өлкөдө төрөлгөм. Мени жана эжем Инести сонун ата-энем тарбиялады. Апам Амалия мага мода менен сулуулукту тааныштырса, атам Виктор бизнеске жана саякатка болгон кызыгууну жаратты", - деп айткан ал маектеринин биринде.

Келечектеги АКШнын биринчи айымы эжеси менен бирге дизайн жана сүрөт мектебинде окуп, андан соң бир жыл Любляна университетинде билим алган. Бирок диплом албай, моделдик карьераны тандаган. Бир кезде анын расмий сайтында дизайн жана архитектура боюнча илимий даражасы бар деп көрсөтүлгөнү менен, 2016-жылы бул маалымат так эмес экенин билдирген.

Моделдик карьерасы жана бизнеси

Мелания Кнавстын моделдик жолу фотограф Стане Ерко менен таанышкандан кийин башталган. Ал 16 жаштагы кыз үчүн биринчи портфолиосун түзүп берген. Ошол портфолионун аркасында 18 жашында моделдик агенттик менен келишим түзүп, Милан шаарына көчүп кеткен.

Ошол эле учурда ал фамилиясын үнү жагымдуураак вариантка - Кнаусс деп өзгөрткөн.

1992-жылы модель Look of the Year сулуулар сынагында экинчи орунду ээлеп, эл аралык келишимге ээ болгон. Алгач Миландагы RVR Reclame менен иштеп, кийин Париж жана Испанияда эмгектенген.

Европада ал Les Copains, Versus жана Ferre бренддеринин көрсөтүүлөрүнө катышып, испаниялык Bazaar журналынын мукабасына да чыккан.

Жеке жашоосу

Мелания Трамп менен Дональд Трамп 1998-жылы бир кечеде таанышкан. Ал учурда Дональд Трамп башка кыз менен келген, бирок ал кыз алыстап кеткенде, Меланиядан телефон номерин сураган. Бирок модель өзүнүн номерин бербей, тескерисинче, анын номерин алган. Мелания кийинчерээк мындай деп эскерген: "Эгер мен ага өз номеримди берсем, анда ал телефон чалган көп аялдардын бири болуп калмакмын. Бай адамдардын бир нече телефону болору жашыруун эмес, жана жаңы сүйлөшкөн кызына кайсы номерин бергени көп нерсени түшүндүрөт. Ал мага ошол күнү бардык номерлерин берген".

Ошол учурда Трамп 52 жашта болчу жана актриса Марла Мейплз менен никеде эле. Бирок Мелания менен таанышкандан көп өтпөй, ал Марла менен ажырашкан. Бул анын экинчи никеси болчу: биринчи жубайы Ивана Трамп менен да Марла менен болгон мамилесинен улам ажырашкан.

2004-жылы Дональд Трамп ага 1,5 миллион долларлык шакек белек кылып, баш кошууну сунуштаган.

Жубайлар 2005-жылы баш кошушкан. Көп өтпөй Мелания Трамп АКШнын жараны болгон. Ага чейин ал Америкада жумушчу виза менен жашап жүргөн.

Мелания менен жолукканга чейин Трамптын төрт баласы бар болчу: биринчи никесинен эки уулу жана бир кызы, ал эми экинчи никесинен дагы бир кызы болгон.

Үйлөнгөндөн көп өтпөй эле модель кош бойлуу экени белгилүү болгон. 2005-жылы радиошоуда Дональд Трамп Мелания төрөттөн кийин бир жуманын ичинде мурдагыдай формага келип, сымбаттуу келбетин кайтарышы керектигин айткан.

2006-жылдын 20-мартында түгөйлөрдүн уулу Баррон Трамп жарык дүйнөгө келген. Ал - Дональд менен Меланиянын жалгыз баласы.

Саясий ишмердүүлүгү

2018-жылы Мелания өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, айрыкча кибербуллинг менен күрөшүүгө багытталган BE BEST аттуу демилгени түзгөн. Бул демилге интернетте сынга кабылган, анткени колдонуучулар Трамп өзү да социалдык тармактарда адамдарды көп сындап, кемсинтип жүргөндөрдүн бири экенин белгилешкен.

Сын-пикирлерге жооп берип жатып Мелания мындай деген: "Бул көйгөйдү чечүүгө киришкеним үчүн мени сынга алышты, жана бул дагы уланарын билем. Бирок бул мен туура деп эсептеген ишти жасоого тоскоол болбойт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан