Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу 29-апрелде Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.
Ушаков сүйлөшүү орус тараптын демилгеси менен болгонун, ал 1,5 сааттан ашык убакытка созулганын белгиледи.
Айтымында, сүйлөшүүлөр достук жана ачык-айкын маанайда өткөн.
Басылмалар белгилегендей, Путин акыркы жолу 9-мартта Трамп менен сүйлөшкөн. Анда Ирандын айланасындагы кырдаалга, ошондой эле украин кризисин жөнгө салууга басым жасалган.