АКШнын Такома шаарындагы Генри Фосс башталгыч мектебинде бычак менен кол салуудан беш адам жаракат алды. Алардын төртөө окуучу, бирөө күзөтчү экенин CBS News полицияга шилтеме берип жазды.
Басылма белгилегендей, шектүү мектеп имаратынан колго түшкөн. Жабырлануучлар жана шектүү ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын төртөөсүнүн абалы оор, бирөөнүкү жеңил экени айтылды.
Мектеп карантинге жабылып, окуучулар эвакуацияланып, ата-энелерине өткөрүүп берилген. 1-майда сабактар жана класстан тышкаркы иш-чаралар жокко чыгарылды. Мектеп 4-майда кошумча психологдор жана колдоо кызматкерлери менен ишин баштайт.