Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 2013-жылы “КРнын Социалдык фонду жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдардын Социалдык фонд тарабынан аткарылышын анализдеди. Муну “Парламент” радиосундагы маегинде депутат, аталган комитеттин төрагасы Анарбек Калматов билдирди.
“Социалдык фонддо өзүнүн фондунан тышкары, резервдик жана өнүктүрүү деген эки фонду түзүлгөн, топтолгон каражат туш-келди максатсыз пайдаланылган. Ошол жүз миллиондогон мамлекеттин акчасын ысырап кылып жиберген факт боюнча Соцфонддун жетекчилиги кетирген катачылыгын моюнга алып, аталган каражатты кайрадан пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатууга жумшай турган болду”,- деди депутат.
Эске салсак, 2013-жылы Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 31 жыйын өткөрүп, 52 маселе караган.