АКШ Иранга каршы операцияга дээрлик 50 миллиард доллар сарптады. Бул тууралуу CBS News америкалык расмий өкүлдөргө таянып жазды.
Басылмага булактар Пентагондун операцияга 25 миллиард доллар кетти деген билдирүүсүнө болгону ок-дарылардын баасы гана кирерин айтышкан. Булактар согушта колдонулган ок-дарылардын баасы менен гана эмес, жок кылынган аскердик техникалардын жана ар кандай объектилердин жоготууларын кошкондо эсептелген баа менен тааныш болушкан.