Араван районунда 3-майга караган түнү сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини Ош облустук башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жааган жамгырдын кесепетинен Маданият айылында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Тиешелүү иштер жүргүзүлүп, 3 турак үйдүн короосу жана 1 турак үйдүн жер төлөсү сел сууларынан тазаланган.
Башкармалык кошумча маалымат берилерин белгиледи.