Биз социалдык тармакта

Ирандын АКШга сунуштаган тычтык планы 14 пункттан турат

Иран АКШга 14 пункттан турган тынчтык сунушун сунуштады. Бул тууралуу Tasnim маалымат агенттиги жазды.

Пакистандык ортомчу аркылуу сунушталган Тегерандын сунушунда Ливанды кошо алганда, бардык фронттордо согушту токтотуу талап кылынган. Агенттиктин маалыматы боюнча, Тегеран маселелер 30 күндүн ичинде чечилиши керек деп эсептейт жана сүйлөшүүлөр ок атышууну узартууга эмес, согушту токтотууга багытталышы керек.

Tasnim сунушка Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу, санкцияларды алып салуу жана Ормуз кысыгы үчүн жаңы механизмди киргизүү чакырыктары да киргенин белгилейт.

Ирандын расмий өкүлдөрү сунушталган пландын чоо-жайы боюнча азырынча ачык комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан