Омандын түштүк-батышындагы жээк суулары майда креветкалардын массалык өлүмүнөн улам кызгылт өңгө боёлду. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Салала шаарынын тургуну Сиях Мухаммед билдирген.
Анын айтымында, Салаладан болжол менен 50 чакырым аралыктагы Мирбат шаарынын жээгине көп сандаган өлгөн креветкалар агып келип, деңиз суусу кызарып калгандай көрүнүш жараткан.
Оманда чыккан Muscat Daily басылмасынын маалыматына ылайык, Мирбаттагы жаратылышты жана суу ресурстарын коргоо башкармалыгы менен жергиликтүү муниципалитет жээкти тазалоо иштерин баштаган. Бул иш-чаралар адамдардын ден соолугуна коркунучту алдын алуу, айлана-чөйрөгө зыянды азайтуу жана туристтер менен жергиликтүү тургундар үчүн жээктин абалын калыбына келтирүү максатын көздөйт.
Бийлик өкүлдөрү креветкалардын өлүшү булгануудан эмес, деңиз суусунун температурасынын өзгөрүшү жана кычкылтектин азайышынан улам болгонун түшүндүрүштү.