АКШ жарыялаган Ормуз кысыгындагы жаңы операция коммерциялык кемелерди сөзсүз аскердик коштоо менен коштолбойт. Бул тууралуу Axios порталы жеке булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери аймакта “Иран тараптан мүмкүн болгон чабуулдарга” ыкчам жооп берүү үчүн жакын аралыкта жайгашат. Ошол эле учурда америкалык тарап деңизчилерге коопсуз өтүү маршруттары тууралуу маалымат берип турууну пландоодо.
Басылманын жазышынча, негизги максат - Ормуз кысыгындагы соода жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу жана чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө.