Европада АКШ президенти Дональд Трамтын НАТОго жана Европа өлкөлөрүнө карата басымы күчөшү мүмкүн деген кооптонуу жаралууда. Бул тууралуу Politico басылмасы европалык коргонуу тармагындагы жогорку кызматтагы аты жөнүн атабаган аткаминерге шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка ылайык, эгерде ноябрда АКШдагы аралык шайлоолордо Республикалык партия күтүлгөндөй жакшы жыйынтык көрсөтпөсө, Дональд Трамп НАТО жана Европага болгон басымды күчөтүп, ошондой эле Украинага көрсөтүлүп жаткан колдоону дагы азайтышы мүмкүн.
Аткаминердин айтымында, АКШдагы ички саясий кырдаалга байланыштуу Вашингтондун НАТОго карата позициясында дагы олуттуу өзгөрүү болуу коркунучу бар. Бул 2028-жылдагы президенттик шайлоонун алдында өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.