Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгындагы чыңалуу: Иран АКШга эскертүү жасады

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШга Ормуз кысыгындагы операциянын мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргендей, АКШ Ормуз кысыгындагы аракеттеринен улам “сазга батуу” коркунучуна туш болушу мүмкүн.
Вашингтон мурдагы каталарын кайталап, өзү түзгөн саздан чыга алат деп эч ким ишенбейт. АКШ бир нерсени түшүнүшү керек: иран эли менен коркутуу тили аркылуу сүйлөшүүгө болбойт”, - деди ал брифинг учурунда.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү Ормуз кысыгында бөгөттөлгөн кемелерин бошотуу өтүнүчү менен кайрылганын билдирген. Анын айтымында, ушул себептен “Эркиндик” аттуу операция башталган.

Ормуз кысыгы аймагында АКШнын аскер-деңиз күчтөрү коммерциялык кемелерге жакын жайгашып, мүмкүн болгон “чабуулдардан” коргоо максатында көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле АКШ деңизчилерге коопсуз маршруттар тууралуу маалымат берүүнү пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан