Биз социалдык тармакта

АКШ жарандык кайыктарга сокку урганы айтылды

Ирандык Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын куралдуу күчтөрү Оман жээгинен Иран тарапты көздөй жүк ташып бараткан эки жарандык кайыкка ок чыгарган.

Маалыматта айтылгандай, кайыктар Омандын Эль-Хасаб жээгинен чыгып, Иран тарапка багыт алган. Кол салуунун натыйжасында беш жаран каза болгону кабарланууда.

Иран тарап бул кайыктар жарандык жүк ташыганын белгилесе, америкалык тарап окуяны Иранга тиешелүү куралдуу кайыктарга каршы ийгиликтүү операция катары баалаганы айтылууда.

Азырынча бул маалымат боюнча көз карандысыз булактардан толук ырастоо бериле элек. Окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан