Казакстандык ишкер Турсенгали Алагузов Шымкенттеги сыра заводунун кызматкерлерине 50 батир белек кылды. Бул тууралуу анын жубайы Баян Алагузова социалдык тармактарга жазды.
Маалыматка ылайык, батирлер “Шымкентский пивоваренный завод” ишканасынын 50 жылдыгына карата берилген. Жаңы үй ээлери - турак жайга муктаж болуп келген кызматкерлер.
Ишкер бул кадамдын өзүнө өзгөчө мааниси бар экенин белгилеп, мурда өзү да оор мезгилдерди башынан өткөргөнүн айтты. Ал бизнесинен кол жууп, айына 200 миң теңгеге жакын гана киреше менен жашаган учурларын эскерди.
Анын айтымында, азыркы белек - кызматкерлерге болгон ыраазычылыктын жана колдоонун белгиси.
Буга чейин да ал өз кызматкерлерине 100 батир белек кылган.