Биз социалдык тармакта

Индонезиянын асманында сейрек кездешүүчү асан-үсөн түстүү булуттар пайда болду

Интернетте Индонезиянын асманында тартылган уникалдуу көрүнүш – ачык асан-үсөн түстөрү бар булуттар талкууланууда. Бир караганда бул видео жасалма интеллект же монтаж сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок мындай атмосфералык кубулуш чындап эле бар жана ал “иридисценттүү булуттар” деп аталат.

Иризация же асан-үсөн түстүүлүк – бул булуттарда пайда болгон түс өзгөрүү кубулушу. Кээде бул түстөр аралашып кетет, кээде булуттун четине параллелдүү сызыктар түрүндө көрүнөт. Көбүнчө жашыл жана кызгылт түстөр басымдуулук кылат, көбүнчө жумшак өңдөрдө болот.

Белгилүү болгондой, бул таң калычтуу көрүнүш Күндүн нуру булуттун ичиндеги суу тамчылары жана муз кристаллдары аркылуу өткөндө пайда болот. Жарык алардын четтерин айланып өтүп, интерференция жаралат. Натыйжада түстөрдүн жаркырап өзгөрүшү байкалат. Бул эффект тамчылар бирдей өлчөмдө болгондо жана булут Күндүн дискине жакын жайгашканда өзгөчө көрүнүктүү болот.

Мындай көрүнүш көбүнчө бийик катмарлуу булуттарда байкалат. Алардын ичинде кызгылт жана жашыл түстөр басымдуу болгон түстүү тактар пайда болот. Шартка жараша бул түс бүткүл булутту каптап калышы мүмкүн, же толкун сымал тилкелер түрүндө кезектешип көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан