АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан салтанаттуу кечеде болгон кол салуу аракетинин жаңы видеосу жарыяланды.
Вашингтондун прокурору Жанин Пирро социалдык тармакта бул окуя боюнча видеону бөлүштү. Анда шектүү Коул Аллен коопсуздук кызматкерине ок аткан учур көрсөтүлгөн.
Ок тийген кызматкерди бронежилет сактап калган. Трамп жубайы жана башка расмий адамдар менен бирге аман-эсен эвакуацияланган.
Видео бир нече күндө тартылган кадрларды камтыйт. Анда шектүү окуядан бир күн мурда мейманкананы кыдырып, абалды алдын ала текшерип жүргөнү көрүнөт.
Кеченин жүрүшүндө ал коопсуздук көзөмөлүнөн өтүп, курал колдонууга аракет кылган. Коопсуздук кызматкерлери дароо жооп кайтарып, шектүүнү токтотушкан.
Окуя учурунда бир нече ок атылган. Бир гана коопсуздук кызматкери жаракат алган, башка адамдар жабыркаган эмес.
Шектүү кармалып, ооруканага жеткирилген. Сот аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды. Ага өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы коркунучу бар.