Өзбекстандын Ташкент облусунда 41 жаштагы жаран өз жубайын өлтүрүү максатында киллер жалдаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал буюртма аткаруучу менен 10 миң долларга келишип, алдын ала 2 миң доллар берген. Калган сумманы кылмыш ишке ашкандан кийин төлөп берүүнү убада кылган.
Маалыматтарга караганда, шектүүнүн экинчи аялы болгон. Бул тууралуу мыйзамдуу жубайы билип калгандан кийин үй-бүлөлүк чыр чыккан. Эркек киши жубайы өзүнө жана балдарына байланыштуу коркутууларды айтканын жүйө келтирип, “коркутуп коюу же өлтүрүү” ниети менен киллерге кайрылган.
Ал аткаруучуга аялдын жашаган жери, күнүмдүк жүрүм-туруму жана унаасы тууралуу толук маалымат берген.
Бирок укук коргоо органдары жалданган адамдын өздүгүн аныктап, ал тергөө менен кызматташууга макул болгон. Натыйжада кылмыштын алдын алуу максатында атайын операция уюштурулуп, аялдын өлтүрүлгөнү жасалма түрдө инсценировкаланды.
20-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө “киллер” буюртманы аткарганын билдирген. Андан кийин шектүү ага 6,5 миллион сум жана жубайына катталган Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааны берген учурда кармалды.
Бул факт боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.