Биз социалдык тармакта

Израилдин соккусунан Ливанда куткаруучулар жаракат алышты

Израил Ливандын түштүгүндөгү Даркифа конушунда жайгашкан куткаруу кызматынын пунктуна аба соккусун жасады. Бул тууралуу Ливандын жарандык коргонуу кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, соккунун кесепетинен бир нече куткаруучу жаракат алган. Андан соң жарадар болгон кесиптештерин куткаруу үчүн келген "Тез жардам" унааларына да сокку урулган.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-марттан бери Израилдин аба соккуларынан 103 медициналык кызматкер каза болуп, 238 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан