АКШнын аскер кызматкерлери Панамада жунгли шартында согуштук даярдык курстарынан кайрадан өтө башташты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, согуштук даярдык борбору чейрек кылымдан кийин кайра ишин жандандырды. Жөө аскерлер, деңиз күчтөрү үчүн уюштурулган окуу программасына жунгли шартында жашап кетүү, эвакуация жүргүзүү жана патрулдук кызматтарды аткаруу кирет.
Агенттик белгилегендей, бул машыгуулардын мааниси АКШ администрациясы Мексика же Кубада күч колдонуу операцияларын жүргүзүүгө даяр экенин билдиргенден кийин кайрадан жогорулап жатат.
АКШнын аскерлери машыгууларды панамалык кесиптештери менен биргеликте өткөрүп жатышат.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Вашингтон Куба маселесине мындан ары олуттуу көңүл бурарын билдирген. Анын айтымында, АКШ жээгинен 90 миль алыстыкта жайгашкан, “алсыз мамлекет” болуп эсептелген жана атаандаш күчтөр үчүн ыңгайлуу аймакка айланган Кубанын учурдагы абалы кабыл алынгыс.