Кытай Ирандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Пекин Тегеран менен саясий өз ара ишенимди бекемдеп, ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр. Ошондой эле Кытай Иран менен жогорку деңгээлдеги байланыштарды колдоону жана чыңдоону улантарын белгиледи.