Биз социалдык тармакта

Москвада жол кырсыгынан актриса Ксения Добромилова каза болду

Орус актрисасы жана кесипкөй фотограф Ксения Добромилова мотоцикл сүзүп кетип каза болду. Кырсык Москвадагы Дорогомиловская кең көчөсүндө болгон.

Маалыматка ылайык, кырсык фотограф кыз байкерлерди сүрөткө тартып, кызыктуу кадр алууга аракет кылган учурда катталган. Мотоцикл айдоочусу арткы дөңгөлөк менен жүрүүгө аракет кылып, бирок тең салмагын жоготуп, кызды сүзүп кеткен.

Ксения Добромилова орусиялык атактуу дуэт HammAli & Navaiнин "Девочка-война" ырынын клибиндеги ролу менен белгилүү болгон. Кызыгы, кырсыктан бир жарым саат өткөндөн кийин Москвада ошол эле топтун мүчөсү Navai дагы жол кырсыгына кабылганы кабарланды. Ал Ferrari унаасын сүзүп алган, бирок жабыркаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан