Биз социалдык тармакта

Өз өмүрүнө кол салган кызды сактап калган милиция кызматкери менен маек

Бул чыгарылышта 4-май күнү кечинде Бишкек шаарындагы Чүй жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Чоң Чүй каналында болгон кооптуу окуя тууралуу баяндайбыз.

Болжол менен 25 жаштагы чет өлкөлүк айым өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, каналга секирип кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам жеткен милиция кызматкери эч ойлонбостон артынан сууга түшүп, айымды аман-эсен куткарып чыккан.

Өз өмүрүн тобокелге салып, кызматтык милдетин так аткарган милициянын улук сержанты Адил Талгарбек уулу менен окуя тууралуу маектештик.

Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан