Биз социалдык тармакта

Юлдуз Усманованын АКШдагы концерти жөөт коомчулугу тарабынан токтотулду

Белгилүү өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын Нью-Йорк шаарындагы концерти Бруклиндеги жөөт коомчулугунун талабынан улам токтотулду. Аны Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжал тууралуу айткан сөздөрү үчүн антисемитизмге айыпташкан. Ырчы болсо өз позициясынан баш тартпай турганын билдирди.

Усманованын концертин 9-майда Брайтон-Бичтеги Oceana театрында өткөрүү пландалган. Бул аймакта дүйнөдөгү эң ири жөөт коомчулуктарынын бири жашайт. Билеттер толугу менен сатылып бүткөнүнө карабастан, концерттин алдында жөөт активисттери, анын ичинде республикачы саясатчылар да, ырчынын келишине каршы чыгышкан. Натыйжада концерт жокко чыгарылган.

Нью-Йорк штатынын Ассамблеясынын мүчөсү Майкл Новахов бул чечимди “жөөт коомчулугу үчүн чоң жеңиш” деп атады.

Буга чейин, болжол менен беш жыл мурда, Усманова Instagram аркылуу Израилди “баскынчы” деп атап, аны мамлекет катары тааныбай турганын билдирген. Ал палестиналыктарды колдоп, керек болсо “Палестина үчүн согушууга даяр” экенин айткан. Эки жыл мурун болсо Израил товарларына бойкот жарыялап, аларды таштандыга ыргытканын билдирген.

Жөөт коомчулугу бул билдирүүлөр үчүн ырчыдан кечирим сурашын талап кылган. Бирок Усманова кечирим сурабай турганын айтып, өз көз карашын өзгөртпөй турганын белгиледи.

Анын бул чечиминен кийин активисттер АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиога кат жөнөтүп, ырчынын визасын жокко чыгарууну талап кылышкан. Нассау округунун башчысы Брюс Блейкман да Усманованын АКШга киришине тыюу салууну сунуштады.

АКШда Бухара жөөттөрүнүн ири диаспорасы жашайт. Алардын арасында белгилүү артисттер да бар.

Ошондой эле Нью-Йоркто жашаган ырчы Наргиз Закирова да Усманованын концертинин өткөрүлүшүнө каршы чыгып, аны антисемиттик көз караштарды колдойт жана Орусиянын Украинага каршы согушун жактайт деп айыптады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан