5-май күнү кечинде Москва шаарынын борборунда, Зубовский бульварында спорткар катышкан жол кырсыгы болду. Унааны башкарып бараткан адам - рэпер Navai (чыныгы аты Наваи Бакиров) экени айтылган.
Маалыматка караганда, номери жок спорткар жогорку ылдамдыкта тилке алмаштырып жатып, башкаруудан чыгып кеткен. Алгач бордюрга урулуп, андан кийин даракка жана жол белгисине сүзүлгөн. Катуу соккудан унаанын алдыңкы бөлүгү толугу менен талкаланып, бир дөңгөлөгү учуп кеткен.
Рэпер өзү жаракат албаганын билдирип, “Баары жакшы” деп кыскача жооп берген. Кийин анын концерттик директору Рауф Гасанов кырсыктын себеби катары дөңгөлөктөрдөгү көйгөйлөрдү атаган. Анын айтымында, рулда Гасанов өзү болгон. Ал эми буга чейин унааны Navai айдап баратканы айтылып келген.
Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, окуядан кийин рэпер бир топ убакыт журналисттерден качып, бир нече жолу кийимин алмаштырган.