Казакстандык продюсер Баян Алагузова легендарлуу "Кыз Жибек" фильминде башкы ролду жараткан Казакстандын эмгек сиңирген артисти Меруерт Утекешева менен жолугушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Баян Алагузова актрисага өзгөчө белектерди тапшырды. Ал “Кыз Жибек” тасмасындагы белгилүү кемселди кайрадан Меруерт Утекешовага белек кылып берип, анын тагдырын өзү чечиши керектигин айтты.
Мындан тышкары, продюсер актрисага кымбат тон, алтын жана бриллианттан атайын жасалган сөйкөлөрдү тартуулады. Ошондой эле эки ай ичинде каалаган районунан батир алып берүүнү убадалады.
Баян Алагузова быйыл өтө турган “Қазақ аруы” сынагы Меруерт Утекешовага арналарын да белгилеп, бардык катышуучулар “Кыз Жибек” тасмасындагы легендарлуу кемсел менен чыгышарын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин “Кыз Жибек” тасмасында колдонулган кемселдин жеке адамдардын колуна өтүп кеткени коомчулукта талкуу жараткан. "Казакфильм" студиясында анын бир түп нускасы музей фондунда сакталары маалымдалган.