Биз социалдык тармакта

Индияда маркум карындашынын сөөгүн банкка алып барган окуя талкуу жаратты

Индияда бир эркек маркум карындашынын банктагы эсебинен 211 долларды алуу үчүн адаттан тыш аракет жасаганы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ал каражатты бир нече жолу накталай чыгарууга аракет кылган, бирок банк ага керектүү документ – өлгөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылган.

Ал документ эмне экенин туура түшүнбөй, карындашынын мүрзөсүн казып чыгып, анын сөөгүн (скелетин) банкка “далил” катары алып барган.

Окуядан кийин жергиликтүү бийлик кийлигишип, карындашы кайра жерге берилген. Ал эми банктагы каражат маселеси боюнча соңку чечимге ылайык, акча кардар тарапка төлөнүп берилген.

Окуя коомчулукта чоң талкуу жаратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан