Украинанын Киев облусундагы Чернобыль аймагында ири токой өртү катталды. Бул тууралуу украин басылмалары Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таянып билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен 1100 гектар аянтты каптаган. Кургак аба ырайы жана катуу шамалдын кесепетинен тилсиз жоо тез жайылып жатканы айтылууда.
Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, атайын техникалар жана башка кызматтар тартылган. Учурда өрттү көзөмөлгө алуу иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда.