Биз социалдык тармакта

Путин бир катар өлкөлөрдүн лидерлерин Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына карата бир катар өлкөлөрдүн лидерлерине жана элдерине куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу 8-майда Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоолор Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Абхазия жана Түштүк Осетиянын лидерлерине, ошондой эле Грузия менен Молдованын элдерине жөнөтүлгөн.

Куттуктоо каттарында Путин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, күч-кубат жана узун өмүр каалаган.

Ошондой эле Грузия менен Молдованын элдерине өзүнчө кайрылуу жасап, согуш жылдарындагы окуяларды унутпай сактоого жана достук менен өз ара биргелешкен салттарды кийинки муундарга өткөрүп берүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан