Кечээ, 8-май күнү Кремлде Орусия президенти Владимир Путин Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чараларга келген Беларус, Казакстан жана Өзбекстандын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Александр Лукашенко менен болгон жолугушууда тараптар эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге — болжол менен 60 миллиард долларга жеткенин белгилешти.
Ал эми Касым-Жомарт Токаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанга келген туристтердин саны боюнча Орусия биринчи орунга чыкканын билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 30 миллиард доллардан ашары күтүлүп жатканын айтты. Токаев мындан тышкары Путиндин Казакстанга мамлекеттик сапары пландалып жатканын маалымдады.
Шавкат Мирзиёев болсо 2026-жылдын биринчи кварталында Орусия менен товар жүгүртүү 33 пайызга өскөнүн белгиледи.
Жолугушууда Путин өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлеринин Жеңиш парадына катышуусун “өзгөчө белги” деп атап, бул тышкы басым шартындагы колдоону көрсөтөрүн айтты.
Кийинчерээк төрт өлкөнүн лидерлери жумушчу кечки тамакка да катышты.