Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Банну шаарында полициянын блокпостуна ири кол салуу болду. Бул тууралуу AFP агенттиги жергиликтүү полицияга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, жанкечти жардыргыч заттар орнотулган унаа менен блокпостко келип урунган. Жардыруудан кийин куралчан адамдар келип, полиция кызматкерлерине ок чыгарган. Алар оор курал-жарактарды жана дрондорду да колдонушканы айтылууда.
Кол салуунун натыйжасында кеминде 12 полиция кызматкери каза болду. Кагылышуудан соң кол салгандар өздөрү менен кошо курал-жарактарды жана бир нече полиция кызматкерлерин алып кетишкен.