Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал акырындап соңуна чыгып жатканын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн 9-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Менимче, Украинадагы жаңжал аяктоого карай бара жатат", - деп билдирген ал.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңжалды жөнгө салуу боюнча негизги маселелерди талкуулоо үчүн Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирген. Өз кезегинде Орусия лидери Зеленский менен жолугушуу мүмкүн экенин, бирок тынчтык келишимине кол коюу үчүн гана болорун белгиледи.
"Үчүнчү өлкөдө да жолугушууга болот, бирок бул акыркы макулдашууларга жетишилгенден кийин гана мүмкүн. Тынчтык келишими узак мөөнөттүү тарыхый негизге ээ болушу керек. Ошондо гана кандайдыр бир иш-чарага катышуу же документке кол коюу мүмкүн. Бул жөн гана сүйлөшүү эмес, сүйлөшүүнүн акыркы чекити болушу керек", - деп кошумчалаган Путин.