АКШнын Теннесси штатында пластикти кайра иштетүүчү ишканада ири өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Fox News телеканалына таянып жазышты.
Өрт Sigma Plastics Group компаниясынын курамына кирген Sigma Renew 360 аймагында чыккан. Өрттүн кесепетинен айлана-чөйрөнү коюу кара түтүн каптаган.
Өрт Sigma Plastics Group компаниясынын курамына кирген Sigma Renew 360 аймагында чыккан. Өрттүн кесепетинен айлана-чөйрөнү коюу кара түтүн каптаган.
"Жума күнү Теннесси штатында пластикти кайра иштетүүчү ишканада чыккан өрттүн жаңы видеосу жарыяланды. Видеодо Sigma Renew 360 объектисинен көтөрүлүп жаткан чоң кара түтүндү көрүүгө болот", - деп билдирген телеканал.
Өрттүн чыгуу себеби азырынча аныктала элек. Жергиликтүү бийлик түтүн кооптуу болгондуктан тургундарга үйдөн чыкпоону эскерткен.