Биз социалдык тармакта

Жангелдиндеги резонанстуу кылмыш иши жыйынтыкталды

Казакстандын Атырау шаарында Жангелдин айылындагы бир үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү боюнча тергөө иштери жыйынтыкталды. Башкы шектүү Султан Сарсемалиев күнөөсүн моюнуна алып, учурда тергөө абагында соттун чечимин күтүп жатканын жергиликтүү басылмалар билдирди.

Маалыматтарга караганда, ага “Эки же андан көп адамды өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылган. Ошондой эле маркумдардын малын сатуу жана банк карталарынан акча чыгаруу сыяктуу уурдоо жана алдамчылык фактылары да тергелип жатат.

Тергөө органдары бардык материалдар даярдалып, иш жакын арада сотко өткөрүлөрүн билдиришти. Экспертизанын жыйынтыгында шектүү акыл-эси жайында деп табылган.

Эгер айыптар далилденсе, ага өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан