Ирандын аскердик дараметин калыбына келтирүү үчүн жыйырма жылдай убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Full Measure программасына маек берип жатып айткан.
Америка лидеринин айтымында, АКШ болжолдонгон максаттарынын 70 пайызына жеткен.
"Аскердик көз караштан алганда, эгер биз бүгүн кете турган болсок, алардын (ред.: Иран) калыбына келиши үчүн 20 жыл керек болмок",- деген Трамп.
Борбордук чалгындоо башкармалыгы Иран АКШнын ракета-бомбалык соккуларынан кийин согушка чейинки баллистикалык ракеталарынын арсеналынын болжол менен 70 пайызын сактап калууга жетишти деген бүтүмгө келген.