Биз социалдык тармакта

Катмандуга конгон учактан өрт чыгып, жүргүнчүлөр эвакуацияланышты

Непалдын Катманду шаарындагы аэропортко конгон учакта өзгөчө кырдаал жаралып, жүргүнчүлөр эвакуация болушту. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, учак Стамбул шаарынан Трибхуван эл аралык аэропортуна учуп келген. Анда учактын бир дөңгөлөгүнөн конуу учурунда өрт чыккан. Учакта 277 жүргүнчү, анын ичинде төртөө бала болгон.

Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок. Ал эми тийиштүү расмий органдар окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Учак "Turkish Airlines" компаниясына тийиштүү болгон.

"Кайтып учуу үчүн резервдик учак бөлүнгөн. Жүргүнчүлөр эвакуацияланган учак техникалык кароого жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, түтүндүн пайда болушуна гидравликалык линиядагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгон",- деп айтылды.

Катманду аэропортунда учакта конуу учурунда өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан