Биз социалдык тармакта

Лос-Анжелес шаарынын эң бай адамы өлгөндөн кийин үй-бүлөсүнө ири карыз калтырганы айтылды

Америкалык миллиардер, Global Crossing компаниясынын негиздөөчүсү Гэри Уинник көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүнө чоң карыз жана мүлктү жоготуу коркунучун калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.

Маалыматка ылайык, Уинник 1997-жылы Global Crossing компаниясын түзүп, дүйнө жүзүнө суу алдындагы оптикалык кабель тартуу долбоору аркылуу эки жылга жетпеген убакытта миллиардерге айланган. Анын байлыгы бир кезде 6,2 миллиард долларга бааланган.

Бирок 2023-жылы 76 жашында каза болгондон кийин анын финансылык абалы оор экени ачыкка чыккан. Макалада белгиленгендей, Уинник люкс үйлөргө, искусство чыгармаларына жана кымбат баалуу буюмдарга ээ болгонуна карабай, акыркы жылдары акча тартыштыгына кабылып, карызга баткан.

Учурда анын 79 жаштагы жубайы Карен Уинник үй-бүлөнүн Бель-Эйрдеги Casa Encantada сарайын, Малибудогу жээк үйүн, Нью-Йорктогу батирин, зер буюмдарын жана искусство коллекциясын сактап калуу үчүн күрөшүп жатканы айтылууда. Бул мүлктөрдүн көбү чоң насыялар үчүн күрөөгө коюлган.

Гэри Уинник карьерасын 1970–1980-жылдары баштаган. Кийинчерээк ал телекоммуникация тармагында ири бизнес түзүп, байлыгы менен белгилүү болгон.

1999-жылы Los Angeles Times гезити анын байлыгы тууралуу жазып, “Уинник ушунчалык бай болгондуктан, компаниясынын акцияларын белек кылган үй кызматчысы дагы миллионерге айланган” деп белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан