Биз социалдык тармакта

Хантавирус чыккан лайнерден кайткан түрк жарандары карантинге алынды

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги хантавирус аныкталган MV Hondius круиздик кемесинен кайтып келген үч жарандын анализ жыйынтыгы терс чыкканын билдирди.

Буга чейин Нидерландияга таандык MV Hondius лайнеринде хантавирус жайылганы маалым болгон. Кеме Аргентинадан Кабо-Вердеге багыт алган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, вирус жуктурган 7 учур тастыкталып, 3 адам каза болгон.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жарандар сунушталган мөөнөткө ылайык карантинде болорун билдирди. Алардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ден соолугу тыкыр байкалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан