Иран бийлиги укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргис Мохаммадини абактан бошотту. Бул тууралуу "Le Monde" басылмасы жазды.
Маалым болгондой, аны бошотууга укук коргоочунун ден соолугунун олуттуу начарлашы жана күрөө катары чоң суммадагы каражат төлөгөнү себеп болгон.
Өткөн аптада Мохаммадинин жактоочулары ал абакта эки жолу инфаркт алганын айтып чыгышкан.
Белгилей кетсек, ал 1990-жылдардан бери Иранда өлүм жазасына жана аялдардын укуктарын чектөөгө каршы чыгып келет. Ал бир нече жолу кармалып, абакка кесилген. 2024-жылы активист ден соолугунун начарлашына байланыштуу абактан бошотулган.
Мохаммадиге жаңы жаза 2026-жылдын башында Ирандагы массалык нааразычылык акцияларынан кийин берилген. Ал 7,5 жылга кесилген. 2023-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Активист абакта отургандыктан сыйлыкты анын балдары алышкан.