Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Астанада 28-29-майда өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин саммитине катышпай турганын билдирди. Ал муну өлкөдөгү шайлоо өнөктүгү жана 28-майдагы аскердик парад менен түшүндүргөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Пашинян Армениянын кызыкчылыгын биринчи орунга коё турганын айтып, Орусия менен мамиле улана берерин белгиледи. Ошол эле учурда өлкө Европа Биримдиги менен кызматташтыкты да өнүктүрөрүн кошумчалады.
Саммитте Армениядан вице-премьер Мгер Григорян өкүлчүлүк кылат.