Европанын дары-дармек агенттиги (EMA) хантавируска каршы учурда расмий бекитилген дары-дармек же вакцина жок экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин өкүлү "РИА Новости" агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, бейтаптарды дарылоо негизинен колдоочу терапияга жана өз убагында реанимациялык жардам көрсөтүүгө негизделет.
Ошондой эле EMA интернетте тараган “хантавирус коронавируска каршы вакциналар менен байланыштуу” деген маалыматтарды жалган жана дезинформация деп атады.
Мекеме келечекте хантавируска каршы дары жана вакцина иштеп чыгууну колдоого даяр экенин кошумчалады.