Дональд Трамп Вашингтондун тынчтык сунушуна Ирандын берген жообун "толугу менен кабыл алынгыс" деп атады.
Ал Truth Social социалдык тармагында: "Мен Ирандын “өкүлдөрүнүн” жообу менен жаңы эле тааныштым. Бул мага жаккан жок - толугу менен кабыл алынгыс", - деп жазды. Бирок жооптун мазмуну тууралуу кенен маалымат берген жок.
Al Jazeera телеканалынын ирандык булагы Тегерандын жообун "реалдуу жана позитивдүү" деп мүнөздөдү. Анда Ормуз кысыгы, өзөктүк программа жана санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр камтылганы айтылган.
Ошондой эле Дональд Трампдын Кытайга сапары 13-15-май күндөрүнө белгиленди. Ал Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат.
Апрель айынын башында Иран менен АКШ ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Вашингтон Тегеранга 14 пункттан турган сунуш берип, анда Иран өзөктүк куралды иштеп чыгуудан баш тартса, санкциялар алынары көрсөтүлгөн.