Биз социалдык тармакта

“Форсаж” окуясы эми сериалдар аркылуу уланат

Форсаж франшизасы боюнча бир эле учурда төрт сериал тартылат. Бул тууралуу актёр Вин Дизель билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, сериалдар NBCUniversal тарабынан даярдалып жатат жана алар Peacock платформасында көрсөтүлөт.

Учурда төрт долбоордун бири активдүү өндүрүш баскычында, калгандары алгачкы даярдык стадиясында экени айтылды. Сериалдарда франшизанын белгилүү каармандары кайрадан пайда болушу мүмкүн.

Вин Дизель “Форсаж” дүйнөсүн кеңейтүү идеясы көптөн бери каралып келгенин, күйөрмандарга жөн гана тасмалар жетишсиз болуп калганын белгиледи. Ошондуктан каармандардын тарыхын сериал форматында тереңдетүү пландалууда.

2025-жылдан бери интернетте Роман Пирс, Хан Лю жана жаш Доминик Торетто тууралуу өзүнчө долбоорлор болушу мүмкүн деген маалыматтар да тараган. Ошондой эле футболчу Криштиану Роналду жаңы фильмдердин бирине тартылышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан