Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бен Заид аль Нахайян менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу БАЭнин "WAM" мамлекеттик маалымат агенттигине таянып басылмалар жазышты.
Анда лидерлер стратегиялык кызматташтыкты жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашкан.
"Президенттер ошондой эле аймактагы акыркы окуялар боюнча пикир алмашып, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты",- деп жазылат маалыматта.