Кыргыз-кытай чек арасындагы 11 кылмышкердин бирин тирүү алып калууга мүмкүн болгон жок. Муну бүгүн, 27-январда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев билдирди. Айтымында, аларды тирүү кармоого күндүн кечтеп кетиши себеп болду.
“Биздин аскерлердин багынып берүү талабына алар макул болушкан жок. Күн да кечтеп бара жаткан, жакын жерде чабандар жашайт. Имаратты өрттөп түтүн каптатып, качып кетүүгө аракет кылышты. Бир токойчубузду мыкаачылык менен өлтүрүп жатса, булардан баарын күтүүгө болот да. Аларда кандай куралдар бар экени да бизге белгисиз болчу. Ошондо баарын өлтүрүүгө аргасыз болдук”,- деди башкы чек арачы.