Ормуз кысыгы жыл аягына чейин жабык бойдон калса, Европада авиациялык керосин, нафта жана мазут тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Мындай жыйынтык Нидерланддагы Rabobank банкынын изилдөөсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттеринен кийин Ормуз кысыгы аркылуу мунай жана суюлтулган газ ташуу үзгүлтүккө учурап, дүйнөлүк рынокто баалар өсө баштаган.
Изилдөөдө белгиленгендей, май айынын аягына чейин Европада күйүүчү майдын тартыштыгы күтүлбөйт. Бирок баалардын кымбатташы, инфляциянын өсүшү жана калктын реалдуу кирешеси төмөндөшү мүмкүн.
Айрыкча авиация, логистика жана аба транспорту аркылуу экспорт жасаган агроөнөр жай тармактарына олуттуу таасир тийери айтылды.