Израилдин армиясы 13-майда түштүк Ливандын бир нече аймагындагы “Хезболла” кыймылынын инфраструктурасына сокку урула баштаганын маалымдады.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, аскер өкүлдөрү жаңы чабуулдардын чоо-жайын ачыктаган эмес.
Расмий түрдө Ливан менен Израилдин ортосунда ок атышууну токтотуу режими күчүндө калууда. Бирок Израил тарап Ливандын аймагына дээрлик күн сайын абадан жана артиллериялык соккуларды жасап келет. Өз кезегинде “Хезболла” чек ара аймагындагы израилдик аскерлерге жооп иретинде чабуул коюп жатат.