АКШ президенти Дональд Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин тууралуу жылуу пикирин билдирип, аны “улуу лидер” деп атады. Бул тууралуу Трамп Пекиндеги жолугушуу учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде болуп, эки өлкө жаралган маселелерди ыкчам чечип келет.
Ошондой эле Трамп Си Цзиньпин менен достук мамиледе экенин белгилеп, Вашингтон менен Пекин байланышы мындан ары дагы бекемделерин кошумчалады.